“Кыргыздар” аттуу 40 томдук китептин бет ачары болду

40 томдук "Кыргыздар" тарыхый китеби. Бишкек. 21-декабрь, 2023-жыл.

Кырк томдон турган тарыхый "Кыргыздар" китебин Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана саясат таануу илимдеринин доктору Каныбек Иманалиев түзүп чыккан.

Китепте кыргыз элинин байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы, салт-санаасы, санжыра, рухий маданияты жана башка көптөгөн тарыхый маалыматтар камтылган.

Анын бет ачары 21-декабрда Улуттук тарых музейинде өттү. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов сөз сүйлөп, китептин түзүүчүлөрүнө ыраазылык айтты.

Каныбек Иманалиевдин маалыматына караганда, алгач китептин 14 томдугу, андан соң 20 томдугу жарык көргөн. Кырк томдук китеп 30 миңдей барактан, 9 млн сөздөн турат. Анын ичинде миңден ашык автор бар.

"Кыргыздар" тарыхый китебинин алгачкы 1-2-томдуктары 1990-жылдары жарык көргөн. Анын башында жазуучу Кеңеш Жусупов турган. (ZKo)

Дагы караңыз

Шеримкулов парламенттин тууну өзгөртүү чечимин сындады"18 миң долларым күйүп кетти". АКШ жүздөн ашык өзбек жаранын депортациялады "Айласыз арзандаттык". Базар ээлери кысымга кабылдыбы?Өкмөт берген айлыгы үчүн мугалимден чек сурайтХАМАС Израилдин сунушунан баш тартып койгону белгилүү болду