Министрлер кабинети мамлекеттик мекемелерде иштеген бардык кызматкерлерге кайсы бир суммадагы ККМ чектерин чогултуп, Салык кызматына өткөрүүгө расмий тапшырма бергени маалым болду.
Бул демилге “көмүскө экономикага каршы күрөш”, "салыктын түшүүсүн көбөйтүү” деп түшүндүрүлүүдө.
Буга чейин Салык кызматы ушундай эле максатта "Салык чек" лотереясын өткөргөн. Өкмөттүн көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү аракети кыйладан бери талаш жаратып келүүдө. Эми чектерди бюджеттик мекемелердеги көп сандагы кызматкерлер аркылуу талап кылуу канчалык натыйжа берет?
Айрым адистер муну жарандардын жашоосуна кийлигишүү, мажбурлоо катары баалады.
Бюджеттик мекемелердин кызматкерлери мындан ары ККМ чек чогултуп, аны салык кызматына өткөрүшү керек деген кабар социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.
Ушундан кийин өкмөт мындай тапшырма болгонун ырастап, муну "көмүскө экономикага каршы күрөштүн бир чарасы" катары чечмеледи.
Бирок мамлекеттик кызматкерлер муну мажбурлоо катары кабыл алганын айтууда.
30 жаштагы Ирада алардын эмгек жамаатына жетекчилик 29-декабрга чейин ККМ чек тапшыруу керек деген тапшырма бергенин билдирди.
"Чогулткула, бул силердин акчаңарды эсептегендик эмес деп түшүндүрүп жатышат. Алардын айтымында, ККМ чектерди өткөрүүнүн себеби - элди соода кылган жеринде өз укугун билүүгө үндөө жана көндүрүү экен. Менин айлыгым азыр 24 миң сом, мен 10 миң сомго ККМ чек тапшырам. Бирок бул сумма чогулбайт, көп болсо 3-4 миң сомдун чеги чогулар. Себеби айлык аз болгондуктан, базарларга барып соода кылам, алар чек бербейт. Буга чейин "Салык чек" тиркемесине чогулткан чектеримди каттап коюп аткам, эми жыйнаш керек. Айдын аягында, мисалы, 29-декабрда биз жамаатыбыз менен аны өткөрүп беребиз салыкчыларга. Алар андан ары кандай эсептейт, билбейм".
Президенттин администрациясынан келди делген катта чогултулган ККМ чектердин суммасы боюнча да талаптар бар. Жетекчилик кызматты ээлегендер 15 миң сом жана андан жогору, ал эми катардагы адистер 10 миң сомдон өйдө чек чогултушу керек.
Мектепте мугалим болуп иштеген Калыбек бул өзгөчө айыл жеринде иштегендерге көйгөй жаратышы мүмкүн экенин билдирди:
"Айлыктан айлыкка жашап, айылдагы чакан дүкөнгө карызга жазылабыз. Бир ай бою дүкөнчү май, чай, туз дегендерди карызга берет. Аябай эле артып бараткан акчага жем-чөп, кээде козу же торпок сатып алабыз да. Анын акчасына кантип жооп беребиз? Эчкисин саткан фермер мага чек эмес, мал тууралуу маалымкат бербейт. Эгер ошол маселелерди жөнгө салып беребиз десе, башка кеп. Айлыкты той-аштарга да жумшайбыз, ошондо кошумчабызды берип атып "мага чек берип кой" дейлиби той ээсине? Азыр мына бизди жыл аягына чейин чек тапшыргыла деген, мен, мисалы, тапшырбайм аны. Эмне деп тапшырам? Кайсы чекти бермек элем, туурабы? Эгер айып пул салабыз, айлыгыңды кесебиз десе, мен президентке кайрылуу кылайын деп турам. Мен ансыз да жарыбаган акчаны бир ай иштеп, мээнет кылып таап жаткандан кийин, кандай короторумду өзүм билем, эч кимге отчёт бербейм".
Ар бир бюджеттик мекеменин жетекчилиги кызматкерлеринин чек чогултуп, өткөрүшүн көзөмөлгө алышы зарыл экени да айтылат.
Ал эми салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов бул процесстерди көзөмөлгө алып, президенттин администрациясына ар айда толук маалымат берип турушу керек.
Чек чогултпай, талаптарды бузгандарга дисциплинардык негизде чара көрүлүшү ыктымал экен.
Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков жазалоо жолдору жок экенин айтып жатат:
"Бул жакшы идея, анткени ар бир жаран товар сатып алууда же кызмат алууда ККМ чектерди талап кылууга укуктуу. Бул өкмөт үчүн эле керек деген түшүнүктөн алыс болуу кажет. Ар бир жаран чек алып, кардар катары өз укугун коргой алат, маселен, бул юридикалык күчкө ээ документ. Бул ар бир ишкердин туура жана так иш алып баруусуна да өбөлгө. Азыркы тапта монополияга каршы күрөшүү кызматы жана биздин мекемеге тиги же бул товардын сапатына, колдонуу мөөнөтүнө даттанган кардарлар кайрылат, бирок колунда чек жок, далилдей албайт. Мындай учурда биз да көмөк көрсөтө албай калабыз. Ошондуктан бул да керектөөчү үчүн маанилүү".
Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов өкмөттүн чарасын мындайча чечмеледи:
"Биз жарандардын баарын ККМ чек талап кылгыла деп үндөп жатабыз. Ал эми мамлекеттик кызматкерлерди болсо муну аткарууга милдеттендирдик. Азырынча ушундай, көзөмөл кассалык машиналар бардык жерде колдонула баштаганда, эл өзү чек талап кылып калат, маселен, төккөн сумманын кайсы бир бөлүгү кайтып келет. Ар бир мамлекеттик кызматкер өлкө жетекчилигинин өнүктүрүү саясатын жүргүзөт, демек, аны сактоо зарыл", - деген Байсалов.
Буга чейин Салык кызматы жарандарга ККМ чектерди талап кылууга чакырып, ал үчүн "Салык чек" лотереясын өткөрүп келеген. Бул лотереяга 400 миңден ашык жаран катталган. Алар соңку алты айда 17 млрд сомго кассалык чектерди тиркемеге киргизген.
Кыргызстанда ККМ аппаратын колдонгондордун саны бүгүнкү күндө 72 миңди түзөт. 2021-жылы алардын саны 20 миңдин тегерегинде гана болгон. Бирок бул машиналарды Бишкек, Ош жана башка ири шаарлардан сырткаркы аймактарда ишке киргизүү кыйынга турууда. Ошол эле учурда ККМди колдонууга жана чек талап кылууга кызыктырган иштердин аркасында чоң жылыштар бар экенин мамлекеттик Салык кызматы маалымдап жатат.
2023-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда 225 миллиард 744,7 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. Бул тууралуу 14-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирген. Ал белгиленген план 3,5 миллиард сомго ашык аткарылганын айткан. Ал эми 20220-жылдын 11 айында чогултулган салыктын көлөмү дээрлик 40 млрд сомго аз болгон.
Абдуваповдун пикиринде, бул көрсөткүчкө өкмөт салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү аркасында жеткен.
ККМ, ЭТТК жана башка санариптик долбоорлордун ишке ашырылышы салыкты чогултууну жакшыртты деп Абдувапов кошумчалады.
Мамлекеттин бул саясатын экономист Азамат Аттокуров да колдоп жатат. Бирок эксперт муну "майда иш" жана популисттик кадам деп атап, көбүрөөк чоң соодага көңүл буруу зарылдыгын эскертүүдө.
"Туура өбөлгө, чек - бул биздин укугубуз. Ошол эле иштебей, мөөнөтү өтүп кеткен товарларды кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тууралуу мыйзамда бюджеттик тармакта иштегендерден ачык-айкындуулук талап кылынат. Ошондуктан ККМ чек чогултуу талабы туура. Болгону 10-15 миң деген сумма кайдан алынды? Маселен, элдин көбү бул суммага товар албайт. Идея жакшы, бирок аткарылышы күмөндүү, башка бирөөнүн чектерин деле чогултуп келип берип койгондор болот. Кайсы бир деңгээлде бул популисттик кадам. Декларация тапшыруу боюнча компания жүрүп жатат. Анда мамлекеттик кызматкерлер тапкан акчасын кайда жумшады деген суроого жооп жок. Ошондуктан ири сатып алууларды, мисалы, унаа алганды, сырттан сатып алууларды текшерсе, эффективдүү болмок. Бирок азыркы болуп жаткан көрүнүш бюджеттегилерге кошумча жүк болуп калды".
Мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун ККМ чектерди талап кылуу менен өкмөт Кыргызстандын жарандарынын конституциялык укуктарын бузууда деп эсептейт:
"Канчалык айлыгын көтөрбөсүн, бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгы аз, алардын 70% айлыкка карап жашайт. Алар эмне сатып алат, кандай соода кылат - ар бир адамдын жеке иши, ал кол тийгис. Адам укугу боюнча эл аралык декларациянын 21 жана 19-пунктунда бул так жана даана жазылган, кол тийбестик боюнча 39-берене да бар. Бул адам укугун жана эркиндигин чектөө. Азыркы бийлик кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттик кызматта отургандардын терисин сыйрый баштады десек болобу? Эми коомчулук буга каршылыгын, пикирин билдириши керек. Биз укуктук мамлекет болгондон кийин сот органдарына кайрылып, бул тууралуу айтсак болот, күрөшүү зарыл. Жетекчилердин укуктук талаадан чыгып кетиши туура эмес. Өкмөт башчы парламентте сөз берип, бюджет баланча млрд болот деп айткан, ошого жетүү үчүн адамдардын укугун бузуп, дасторконундагы нанына кол салып толтурганы болбойт. Мисалы, адам укугун коргогон башкы органдардын бири - Акыйкатчынын аппараты буга реакция кылбаса болбойт. Бир ай иштеп тапкан акчасын кандай коротууну ар бир адам өзү чечет, ал үчүн отчёт талап кылуу - акылга сыйбаган нерсе".
Кыргызстанда көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жана колдонуу маселеси өлкө базарларындагы айрым соодагерлер үчүн актуалдуу жана талаштуу бойдон калууда. Базардын соодагерлери патенттик системаны калтыруу талабы менен бир нече жолу нааразылык акциясына чыгышкан.
Декабрдын башындагы митингдер учурунда президент Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуп, Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айткан.
6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "базар ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп билдирген.