Франциянын парламенти иммиграция эрежелерин катаалдаткан өкмөттүн мыйзам долбоорун жактырды. Президент Эммануэл Макрондун партиясы консервативдүү оппозиция менен мунасага келгенден кийин аны эки палата – сенат жана улуттук жыйыны бекитти.
Мыйзам долбоорунда квалификациялуу жумушчуларга Францияда убактылуу жашоого уруксаттар каралган. Кеп жумушчу күчү жетишсиз болгон тармактар жөнүндө болуп жатат. Мыйзам долбоору башпаанек алуу процедурасын жеңилдетет. Ал эми чет өлкөлүк жаран Францияда беш жыл жашагандан кийин гана мамлекеттик жөлөк пул алат. Жумушу барлар үчүн бул мөөнөт 30 айды түзөт.
Ашынган оңчулдардын лидери Марин Ле Пен жетектеген "Улуттук жүрүш" партиясынын колдоосу Макрон үчүн күтүүсүз болду. Президент аны саясий оппортунизм үчүн айыптап, андан кийин телеканалга берген интервьюсунда муну “акылсыз кадам” деп атады, - деп билдирет Reuters.
Агенттик алты айдан кийин, Европарламентке шайлоо болгондо негизги маселе иммиграция болорун белгилейт. Француз парламентарийлеринин иммиграция мыйзамын жактыруусу ашынган оңчулдарга дем, кошумча мүмкүнчүлүк бере алат. Марин Ле Пен иммиграция боюнча мыйзам долбоорунун жактырылышын анын ашкере оңчул партиясынын “чоң идеологиялык жеңиши” деп атаган.
Социалдык-либералдык "Кайра жаралуу" партиясынын солчул ишмерлери мындан ары Макронду колдой албай турганын билдиришти. Бир нече министрлер кызматтан кетебиз деп коркутушкан.
Бейөкмөт жана укук коргоо уюмдары иммиграциялык мыйзамды Францияда көптөн бери жашаган чет элдиктердин да укуктарын тебелеген, “40 жылдагы эң регрессивдүү мыйзам” деп аташты.
Парламент жактырган мыйзамдын долбоору президенттин кол коюусуна жакын арада жөнөтүлөт.
BFM TV медиа компаниясынын буйрутмасы боюнча Elabe өткөргөн биринчи коомдук сурамжылоо француздардын 70% жаңы мыйзамды, анын ичинде Макрондун жактоочуларынын 87% колдорун көрсөттү.
Францияда жашаган, бирок башка өлкөлөрдө төрөлгөн иммигранттардын саны 1946-жылы 5% түзсө, 1975-жылы бул көрсөткүч 7,4% чейин өскөн. 2010-жылы Франциянын жалпы 68 миллион калкынын 8,5%, ал эми 2022-жылы - 10% түздү.