Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

HRW Орусиянын украиндерди күчтөп армияга алганын согуш кылмышына теңеди


Орусиянын бийлиги убактылуу оккупацияланган аймактарда украиналыктарды күчтөп армияга алууда. 20-декабрда жарык көргөн баяндамасында Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму мындай тажрыйба “согуш кылмышы болуп эсептелерин” билдирди.

“Орус бийлиги ачыктан ачык эле, эл аралык мыйзамдарды бузуу менен оккупацияланган жерлерде эркек кишилерди өз өлкөсүнө каршы согушка күчтөп салууда”, - деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон. Мындан тышкары камактагы карапайым украин жарандарын да кысымга алып жатканын, алардын орус армиясына кошулуудан башка аргасы жок экенин кошумчалады.

Баяндамада Донецк облусунун учурда Орусиянын астындагы районунда жабык жайда отурган үч кишини телефондон сөзгө тартканы айтылат. Алар жогоркудай кысым-басымга туш болгонун айтып беришкен. Адвокаттардын бири ушундай 11 учурдан кабардар экенин уюмга айтты.

“Камактагы адам чыдагыс шарттар да айрымдарын орус куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө түртүудө”, - деп улантат HRW.

Ушул айда БУУнун Украинадагы адам укуктарынын абалына байкоо салган миссиясы оккупацияланган аймактардагы карапайым украиндерди кантип күчтөп согушка салышканын сүрөттөгөн. Миссия андай жети учурду мисалга келтирген.

Октябрда Орусиянын бийлиги армияга алуунун кузгү өнөктүгүн баштаганда жараян убактылуу оккупацияланган Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарында жашаган украиналыктарды да камтыган. HRW эл аралык гуманитардык укук тараптарга оккупацияланган же көзөмөлгө алган аймактардын карапайым тургундарын өз өлкөсүнө каршы согушка тартууга тыюу саларын, аны бузган учурларды согуш кылмышына теңесе болорун белгилейт.

XS
SM
MD
LG