АКШ Израилден Газа тилкесинде тагыраак операцияларды жасашын күтөт

Энтони Блинкен.

АКШ Израилден ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун башчыларына жана инфратүзүмүнө каршы багытталган операцияларды тагыраак жүргүзүүнү жана азыркы аскердик операцияларын басаңдаткан баскычына өткөрөт деп күтөт.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондогу маалымат жыйында билдирди. Блинкендин айтымында, Израил армиясынын аракеттери так жана тандалма мүнөзгө ээ болгондон кийин, карапайым элге келтирилген зыян бир топ азайышы керек.

Израил бийлигине калк жыш жайгашкан Газанын басымдуу бөлүгүнө аскерий чабуулду токтотуу үчүн Батыш өнөктөштөрүнүн басымы күчөдү.

Израилдин эң жакын өнөктөшү саналган Вашингтон акыркы апта ичинде согуштун масштабын кыскартып, ХАМАСка каршы максаттуу кампанияга өтүүгө ачык чакырып келет.

"Биз Израил ХАМАСтын коркунучун жок кылуу менен Газадагы карапайым калктын курмандыктарын азайтуу ортосунда тандоо жасабашы керек деп эсептейбиз. Ал экөөнү тең аткарууга милдеттүү жана экөөнү тең ишке ашырууда стратегиялык кызыкчылыгы бар", - деди Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы башка өлкөлөрдүн ХАМАСтын куралын таштап, багынып беришин талап кылбаганы аны таң калтырганын баса белгиледи. Блинкен согушту токтотуу үчүн бул топко ушундай кадамга баруу үчүн кысым көрсөтүүгө чакырды. "Эгер ХАМАС ушуга барса, анда баары эртең бүтөт", - деп белгиледи Мамлекеттик департаменттин башчысы.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтада калган 129 киши бошотулмайынча, согуш токтобой турганын эскерткен. Ал эми БУУ Газа тилкеси балдар үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу жер бойдон калууда деп айтты.

Маалымат булактары Израилдин Катар менен Египеттин ортомчулугу менен кармалгандарды бошотулушу үчүн жаңы гуманитардык элдешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын кабарлашты. Мындан тышкары Израилдин түрмөлөрдөн бир катар палестиналык туткундарды бошотуусу күтүлүүдө.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтарына караганда, Израилдин аткылоосунан октябрдан бери 20 миң палестиналык набыт болду, алардын көбү аялдар жана балдар. Көптөгөн өлкөлөр Израилди карапайым элге кол салууда деп айыптоодо. Израил армиясы жихадчылардын инфратүзүмүнө гана кол салганын айтып, ХАМАСтын Газа тилкесиндеги калктуу конуштарга буталарды койгону үчүн айыптоодо.

Дагы караңыз

Кремль Назарбаев менен Путиндин жолугушканын ырастады HRW Орусиянын украиндерди күчтөп армияга алганын согуш кылмышына теңеди Санкт-Петербургда орус жарандыгы менен кошо аскерге чакыруу берилди “Бир дүйнө-Кыргызстанда” эки тасманын көрсөтүлбөй калышы боюнча чара көрүлдү