Санкт-Петербургда орус жарандыгы менен кошо аскерге чакыруу берилди

Санкт-Петербург шаарынын полициясы шаршембиде маалымдагандай, жарандык алуу салтанатында «жакынкы чет өлкөлөрдөн чыккан 11 кишиге» аскердик каттоого туруу чакыруусу тапшырылды.

Маалыматка караганда, Орусиянын жараны катары ант бергенден кийин аскердик комиссариаттардын өкүлдөрү Тергөө комитетинин аскердик жетекчилигинин катышуусунда аларга тиешелүү кагаздарды берди.

Буга чейин Москва шаарынын Тергөө комитети орус паспортун алган бир нече борбор азиялык жаранга армияда кызмат өтөөдөн качкан деген негизде 22 кылмыш иш козгогон. 80 киши орус куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн.

Орусияда мыйзамга ылайык, жарандыкты алган адам эки жума ичинде аскердик каттоого турушу зарыл. Буга чейин Мамлекеттик Думанын бир катар депутаттары паспорт алып, бирок армияга баруудан баш тарткандарды жарандыктан ажыратып, депортациялоо тууралуу сунуштарын айтышкан.

Сентябрда Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин да андай демилгени көтөргөн.

Жазында орус президенти Владимир Путин согуш маалында армияда кызмат өтөө келишимин түзгөн чет элдиктерге жарандыкты жеңилдетилген тартипте берүүгө жол ачкан токтомго кол койгон.

Айрым маалымат каражаттары жана укук коргоочулар Борбор Азия менен Кавказдан барган мигранттар урушка күчкө салынып же алдап тартылганын, алар топтолгон жерлерде – базарларда, мечиттерде рейддер жүргөнүн айтып келишет.

Ноябрда Воронеж шаарынын полициясы ресторандардын биринде туулган күндү белгилөө үчун чогулган азербайжандык 50 кишиге аскердик комиссариатка чакыруну тапшырганы кабарланган.

Ошондо күбөлөр тартип коргоо органдарынын кызматкерлери адегенде документтерди текшерип, андан кийин аскердик кызматка чакыруу кагаздарын тарата баштаганын айтып беришкен.

Дагы караңыз

20-декабрь: Өзгөргөн туу, Айсулуунун ийгилигиТуу тагдыры чечилди. Элдин реакциясы"Мектепти бүтөрү менен турмушка чыкканга мажбур болушат". Андарактагы өз жанын кыйган аялдар