Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:21

20-декабрь: Өзгөргөн туу, Айсулуунун ийгилиги


Кыргызстандын азыркы туусунун батып баратканын чагылдырган сүрөт. Автору Элнур Исаков.
Кыргызстандын азыркы туусунун батып баратканын чагылдырган сүрөт. Автору Элнур Исаков.

20-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Парламент тууну өзгөртүүнү колдоду

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды. Кыргызстанда эң кызуу талкуулаган маселе экенине карабай сессияда депутат Нуржигит Кадырбековдон башка эч ким сөз сүйлөгөн. Желекке өзгөртүү киргизүү идеясы президент Садыр Жапаровго таандык. Эми парламентте кабыл алган документ мамлекет башчыга кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

“Кемпирабадчылардын” талабы

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар сотко катыштырыла баштады. 20-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өткөн отурумда айыпталуучулар президент Садыр Жапаровдун “шектүүлөрдүн бири кайсы бир мамлекеттин элчисинен акча алганы тууралуу” сөзүн териштирүүнү талап кылдыш. Президент 16-декабрда Элдик курултайда “Кемпир-Абад ишин уюштургандардын башчысы бар экенин, ал чет өлкөнүн элчисинен акча алганы аныкталганын билдирген жана ушундан улам сот жабык өтүп жатканын” айткан. Бирок сөз ким жана кайсы өлкөнүн элчиси жөнүндө болуп жатканын тактаган эмес.

Кыргызстанда үч жылда 60 өнөр жай ишканасы ачылды

Соңку үч жылда 60 өнөр жай ишканасы ишке берилип, 77 миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу экомика министри Данияр Амангелдиев 20-декабрдагы маалымат жыйында билдирди. Министрдин айтымында, соңку беш жылда өлкөнүн өнөр жай өнүмүнүн көлөмү 1,7 эсеге өскөн. Инвестициялык портфель дээрлик 1 млрд долларды түзгөн.

Айсулуу Тыныбекова жылдын мыкты балбаны болду

Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) спортчу Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапты. Балбан кыз быйыл Белградда өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду. Астанада болгон Азия чемпионатында, Венгрияда, Египетте өткөн эл аралык рейтингдик мелдештерде алтын медал тагынды. Октябрь айында XIX Азия оюндарында коло медал утту.

Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Газада жөөт армиясынын соккуларынан кеминде 45 киши каза тапты

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ Газа тилкесинин түндүгүндө иштеп жаткан акыркы эки ооруканада рейд жүргүзүп, кызматкерлерин кармап кетти. Бул тууралуу AP агенттиги жазды. Израилдин коргоо министри 19-декабрда жөөт аскерлери аймакты ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунан толугу менен тазалоонун аракетинде экенин, анклавдын түштүгүндөгү операция бир нече айга созуларын билдирди.

Шейшембиде аба соккуларынан кеминде 45 палестиналык каза тапканы кабарланды. Рафах шаарында набыт болгондордун арасында эки жашар бала жана эки жумалык ымыркай бардыгы кабарланды.

БУУ Орусияны Украинанын карапайым калкын коргобогону үчүн айыптады

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк "орус аскерлеринин Украинадагы аракеттеринде согуш кылмыштарынын белгилери бар" деп, Орусияны Украинанын жайкын калкын коргой албагандыгы үчүн айыптады. Комиссар Түрк былтыр февралда Орусия коңшу өлкөгө басып киргенден бери бейкүнөө кишилерди сотсуз жазалаган 142 учур катталганын айтты. Ошондой эле дайынсыз жоголгондорду, кыйноолорду, кармалгандарга ыдык көргөзүүнү, анын ичинде жыныстык зомбулукту атады. Орусия андай айыптарды четке каккан.

Москвада Бишкектен экстрадицияланган активист абакка кесилди

Москванын Мещанский райондук соту 19-декабрда Орусиядагы “Адам укуктары үчүн” кыймылынын мурдагы маалымат катчысы жана "Солчул каршылык" кыймылынын мүчөсү Алена Крылованы эки жылга кести. Сот аны "экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө катышы бар" деп тапты. Крылова 4-июнда Бишкекте кармалган. Кийинчерээк ал качкын макамын сурап кыргыз бийлигине кайрылганы маалым болгон. Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Крылова Орусияга качан экстрадиция болгону белгисиз.

XS
SM
MD
LG