Ошто Кытайга жүк ташыган айдоочулар акцияга чыкты

Нааразылык акциясына чыккан жүк ташуучу айдоочулар. Ош шаары. 20-декабрь, 2023-жыл.

Кытайга жүк ташып иштеген жүздөй айдоочу 20-декабрда Транспорт жана жол министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Эркечтам өткөрмө пунктундагы тыгынга нааразы болууда.

Кытайга кирүүгө уруксат тууралуу документтер кезек менен берилүүсүн талап кылышты. Алардын сөзүнө караганда, ушул тапта чек арада 300дөй жүк ташуучу унаа Кытайга кире албай турат. Кезек бир жумада араң жетерин айткан айдоочулар карго компаниялар да "кезек менен кириши керек" деген талап коюшту.

Мамлекеттен автоунаа токтотуучу жер бөлүнүп, электрондук кезек менен ошол жерден кетүүгө шарт түзүлгөнүн, бирок буга Кытайга каттаган айрым жүк ташуучу ишканалар көнбөгөнүн билдиришти.

Нааразы тарап Транспорт жана жол министрин Ошко барып, маселени чечип берүүгө чакырды.

Алар менен министрликтин Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы Бакай Жолдошбаев жолугуп, маселени териштирүүнү убада кылды. Айдоочулар ага көнбөй, 21-декабрда да чогулмай болуп тарап кетишти.(DSh)

Дагы караңыз

БУУ: Орус аскерлеринин Украинадагы аракеттеринде согуш кылмышынын белгиси бар Кемпир-Абад иши: Азимбек Бекназаров сот залынан чыгарылдыТуудан чыккан талкуу. Саясаттагы ырым-жырымдарНазарбаевдин иниси мыйзамсыз чыгарган акча кайтарылганы кабарландыГазада шейшембидеги соккулардан кеминде 45 киши каза тапты Бир аптада сасык тумоо менен кайрылгандар 11,5 миңден ашты