Израилдин армиясы – ЦАХАЛ Газа тилкесинин түндүгүндө иштеп жаткан акыркы эки ооруканада рейд жүргүзүп, кызматкерлерин кармап кетти. Бул тууралуу AP агенттиги жазды.
Ал арада Израилдин коргоо министри 19-декабрда аскерлер аймакты ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунан толугу менен тазалоонун үстүнөн иштеп жатышканын, анклавдын түштүгүндөгү операция бир нече айга созуларын билдирди.
Шейшембиде аба соккуларынан кеминде 45 палестиналык каза тапканы кабарланган. Маалыматка караганда, Рафах шаарында курман болгондордун арасында эки жашар бала жана эки жумалык ымыркай бар.
Анклавдын борбордук бөлүгүндө түнкү аткылоодон бери дегенде 15 киши өлгөнүн жергиликтүү оорукананын кызматкерлери билдиришти. AP агенттигинин кабарчысынын маалыматы боюнча от жагып отурган эне төрт баласы менен кошо набыт болду.
ЦАХАЛ шейшембиде Жабалия качкындар лагерин көзөмөлгө алганын маалымдады. Израил ал жерде жуздөгөн согушкер жок кылынганын, 500 шектүү кармалганын айтууда. Агенттик бул маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн эмес деп жазды.
18-декабрда АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Израилдин расмий адамдары менен жолугушуудан кийин карапайым элди жакшыраак коргоого чакырып, ошол эле маалда Вашингтон жөөт мамлекетинин ХАМАСка каршы согушун колдой турганын кайталады.
ЦАХАЛ операциясын күчөткөндөн бери карапайым палестиндердин арасындагы жоготуулар, үй-жайсыз, ачка калган элдин саны күн санап өсүп,өкмөттөр, эл аралык уюмдар гуманитардык абалга тынчсыздануусун билдирип келатышат. Муну менен Израилге эл аралык басым да күчөдү.
Дагы караңыз
Туудан чыккан талкуу. Саясаттагы ырым-жырымдарИзраил Жабалия менен Рафахты бомбаладыОрусия Украинанын аймагына "Шахед" дрондору менен чабуул койду