АКШда сот Дональд Трамптын атын шайлоо кагазына киргизүүгө тыюу салды

Дональд Трамп шайлоо алдындагы митингде. Нью-Гемпшир. 11-ноябрь, 2023-жыл.

Колорадо штатынын Жогорку соту экс-президент Дональд Трамптын АКШ президенттигине талапкерлигин жокко чыгарды жана анын атын добуш берүү бюллетенине киргизүүгө тыюу салды. Сот мындай чечимди Трамптын 2021-жылдын 6-январындагы окуяларга тиешеси бардыгы менен негиздеди. Ал күнү Трамптын тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу максатында Конгресстин имаратына кирип барган.

Соттун бул чечими Колорадо штатындагы шайлоочулар тобунун Дональд Трамп Конституцияга ылайык, президенттик шайлоого катышууга укугу жоктугун белгилеген доо арызына жооп болду. Анда өкмөткө каршы чыккан мамлекеттик жетекчи АКШга каршы да козголоңго катышса, ал федералдык штаттык деңгээлде мамлекеттик кызматты ээлей албасы жазылган.

Колорадонун төмөнкү сот бутагы шайлоочулардын бул доо арызын Конституцияда "тыюу президентке да тиешеси бардыгы тууралуу так жазылбаганын" негиз кылып, четке каккан болчу. Штаттын Жогорку соту буга макул болгон жок жана Дональд Трамптын козголоңго катышы бар деген чечимге келип, конституциялык тыюу президенттикке талапкерлерге да тиешелүү деп тапты.

"Президент Трамп бийликти тынч өткөрүп берүүнү жокко чыгарууну көздөгөн зомбулукка жана мыйзамсыз акцияларга тукуруп, колдогон", – деп жазылган сот чечиминде.

Трамптын шайлоо штабынын өкүлдөрү Колорадо штатынын бул чечимине апелляциялык арыз менен АКШнын Жогорку сотуна кайрылышмакчы. Алар штаттын Жогорку сотунун чечимин Колорадонун шайлоочуларын өз талапкери үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу аракети жана шайлоо жараянына кийлигишүү деп сыпатташты.

Ал эми Трампка каршы доо арыз берген топтун өкүлү сот чечимин тескерисинче "тарыхый жана адилет гана эмес, өлкөдөгү демократиянын келечегин коргоо үчүн эң маанилүү чечим" деп баалады.

Дональд Трамптын президенттикке талапкерлигин жокко чыгаруу аракетин буга чейинки соттордун дээрлик баары четке кагып келген, ошондуктан, Колорадо штатынын Жогорку сотунун чечими күтүүсүз болду. Эгер бул чечим өлкөнүн Жогорку сотунун колдоосун алса, анда Трамптын атаандаштары башка штаттарда да анын атын шайлоо бюллетенине киргизбөөгө жетишүүсү мүмкүн. Учурда ушундай эле арызды Мичигандын Жогорку соту карап жатат.

Дагы караңыз

"Туунун тагдырын эл чечиши керек" "Мен жаш кыргыз, ичкеним кымыз". Орусияда рэпер кармалды Израил Жабалия менен Рафахты бомбаладыЗеленский АКШнын колдоосу уланарына ишенерин айттыКазанда Алсу Курмашеваны колдоп чыккан активисттерге айып тагылды