АКШ элчилиги кыргыз жарандары үчүн визаны узартуу сунушу каралып жатканын билдирди

Вашингтон Кыргызстандын жарандарына берилген визанын мөөнөтүн узартуу жана баасын түшүрүү сунушун караштырууда. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 19-декабрда "Азаттыкка" кабарлады.

"Биздин Вашингтондогу кеңселер Кыргызстандын АКШдагы элчилиги менен, ал эми Кошмо штаттардын Бишкектеги элчилиги Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз иштешип жатат", - деп жазылган маалыматта.

Дипломатиялык өкүлчүлүк АКШ кыргызстандыктардын бул өлкөгө мыйзамдуу түрдө баруусун жеңилдетүүгө даяр экенин кошумчалады.

Мурдараак Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бактыбек Аманбаев 2024-жылдан баштап АКШ Кыргызстандын жарандарына берилген визанын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартарын билдирген. Андан тышкары визанын баасы 205 доллардан 185 долларга арзандай турганын Instagram социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргызстандыктарга виза алуу үчүн күткөн убакытты эки жылдан 60 күнгө азайтуу чечимин кабыл алган.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “келишим боюнча бир-эки маселе калганын, ал чечилсе макулдашууга кол коюларын” айткан. Вашингтон документке кол коюуга даяр экенин билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Азербайжан оппозициясы бийликтин кезексиз шайлоо демилгесин айыптоодоФранция жана Британия Украинага зарыл жардам камсыз кылынарын билдириштиӨзбекстанда бийликти сындаган блогер жети жылга эркинен ажыратылдыКытайдагы жер титирөө: Жапаров Си Цзинпинге көңүл айтты