Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Франция жана Британия Украинага зарыл жардам камсыз кылынарын билдиришти


Дэвид Кэмерон жана Катрин Колонна. Париж. 2023-жылдын 19-декабры.
Дэвид Кэмерон жана Катрин Колонна. Париж. 2023-жылдын 19-декабры.

Франция жана Улуу Британия Украинанын Орусияга каршы күрөшүнө канчалык жардам керек болсо, ошончолук колдоо көрсөтө беришерин бүгүн 19-декабрда британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон билдирди. Дипломаттын «Владимир Путиндин жеңилүүсү өтө маанилүү» деген сөздөрү расмий Киевде Батыштын Орусияга каршы күрөштө боюнча чыдамы кетип, биримдиги ажырап баратат деген тынчсыздануу күчөгөн маалда айтылды.

«Британия жана Франция Украинанын эң туруктуу тарапкерлери, биз аларга жардам канчалык зарыл болсо, ошончолук колдообузду көрсөтөбүз», — деди Кэмерон Парижде франциялык кесиптеши Катрин Колонна менен жолугушуудан кийин.

19-декабрда Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкынын башкармалыгы капиталын 4 миллиард еврого көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алганы белгилүү болду. Бул аталган банктын Украинада согуштан кийинки реконструкциялоо иштери башталганда бөлүнө турган инвестициясынын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт.

Ал арада Кошмо Штаттардын администрациясы Украинага аскердик жардамдын кошумча пакетин жыл аягынча чейин кабыл алууну көздөп жатканы белгилүү болду.

Орусия Украинага 2022-жылдын февраль айында кол салгандан бери кармаш уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG