“M-Vector”: “Азаттык” интернетте эң көп окулган жана көрүлгөн медиа

“Азаттыктын” радио берүүсүн маршруткада угуп бараткан угарман. Сүрөт 2023-жылы сентябрь айында тартылган.

“M-Vector” консалтинг компаниясынын 2023-жылы жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында “Азаттык" интернет ресурстары эң көп окулган жана көрүлгөн медиа деп табылды. Бул тууралуу аталган уюм 19-декабрда жарыялады. Ага ылайык, сурамжылоого катышкандардын 7% күн сайын жана жума сайын "Азаттыктан" маалымат алып турушарын билдиришкен.

Экинчи орунда Kaktus.media басылмасы 4%, super.kg, Akipress жана 24.kg маалымат агенттиктери 3% менен үчүнчү орунду алышты.

Сурамжылоодо ошондой эле Кыргызстанда элдин 18% маалыматты жергиликтүү маалымат каражаттарынан, 12% кыргыз тилинде, 5% орус тилинде окушарын билдиришкен.

“M-Vector” мындай иликтөөнү 2011-жылдан бери жүргүзүп келет.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун (ЭЕ/АР) миссиясы – сөз эркиндиги орной элек жана ага бийлик тыюу салган өлкөлөрдө маалыматты таратуу жана чагылдыруу аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана институттарды, ошондой эле адам укуктарын алга сүрөө.

“Азаттыктын” журналисттери көптөгөн адамдарга өз өлкөсүндө (жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында) жетишсиз болгон цензурасыз маалыматты жеткирет, ачык талкууга жол ачат. “Азаттык” басымга жана таасир көрсөтүү аракетине карабастан көз карандысыз журналистиканын эң бийик стандарттарына жетүүнү жана фактыларды чагылдырууну көздөйт. (ZKo)

Дагы караңыз

УКМК “Рух Ордо” борбору мамлекетке өткөнүн билдирдиТокторбаев: ТикТокту бөгөттөөгө техникалык мүмкүнчүлүктөр бар“Кемпирабадчылар” президенттин курултайдагы сөзү боюнча кайрылуу кылдыЖК комитети тууну өзгөртүү долбоорун дароо эки окууда колдодуЧүйдө чет элдик эки жаран 3 кг жакын маңзаты менен кармалдыАбактагы саясатчы Бектур Асановдун абалы оор экени кабарландыКытайда жер титирөөдөн кеминде 111 адам каза тапты