Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31

Чүйдө чет элдик эки жаран 3 кг жакын маңзаты менен кармалды


Кармалган шектүүлөр. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган шектүүлөр. УКМК тараткан сүрөт.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы "Ак-Жол" өткөрмө постунда эки чет элдик жаран 2 кг 800 грамм синтетикалык “мефедрон” баңгизаты менен кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы эл аралык маңзат кылмыш тобунун мүчөлөрү 10-декабрда колго түшкөнүн 19-декабрда билдирди.

Атайын кызматтын эсеби боюнча, бул баңгизаттын базар баасы 1 граммы 6 миң сомго бааланып, жүктүн баасы болжол менен 15 миллион сомду же 168 миң долларды түзөт. УКМК кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кармалган чет элдик жарандар тергөө амалдары бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ушул тапта бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG