УКМК “Рух Ордо” борбору мамлекетке өткөнүн билдирди

Рух Ордо.

19-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” борбору мамлекетке өтүп, бюджетке дагы 537 миллион сом кайтарылганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, “Рух Ордо” туристтик-экскурсиялык борборун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Борис Сандын уулу Александр Сан 18-декабрда мамлекетке өткөрүп берген.

Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобу менен байланышы бар деген шек менен 21-ноябрда кармалып, УКМК ага “кылмышка шериктеш болгон” деген айып таккан. Александр Сандын адвокаты же жакындары акыркы окуялар боюнча комментарий бере элек.

“Рух Ордо” - Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан ачык абадагы музей. Комплекс 10 чакан музейден турат. Ар түрдүү кол өнөрчүлүк буюмдары, ондогон айкелдер жана жүздөгөн сүрөттөр бар.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Токторбаев: ТикТокту бөгөттөөгө техникалык мүмкүнчүлүктөр бар“Кемпирабадчылар” президенттин курултайдагы сөзү боюнча кайрылуу кылдыЖК комитети тууну өзгөртүү долбоорун дароо эки окууда колдодуЧүйдө чет элдик эки жаран 3 кг жакын маңзаты менен кармалдыАбактагы саясатчы Бектур Асановдун абалы оор экени кабарланды