Абактагы саясатчы Бектур Асановдун абалы оор экени кабарланды

Бектур Асанов. Архивдик сүрөт.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Бектур Асанов ооруканада дарыланууга муктаж экени айтылды.

Бул тууралуу Кемпир-Абадды коргоо комитети билдирди. Комитет “Бектур Асановдун башы жарылып, моюн омурткаларына залака кетип ооруну басаңдатуучу дарылардын күчү менен жатканын, абалы оор экенин” кабарлады.

Саясатчынын ден соолугунун абалы тууралуу №1 тергөө абагынын жетекчилиги маалымат бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнда сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келет. (BTo)

Дагы караңыз

Кытайда жер титирөөдөн кеминде 111 адам каза таптыЕвробиримдик Орусияга каршы кезектеги экономикалык санкциясын жарыяладыУКМК Ала-Букада аткезчилик иши боюнча сегиз чек арачыны кармадыБеларус, Казакстан жана Молдованын жарандарына орус жарандыгын берүү жеңилдейт18-декабрь: АКШ виза мөөнөтүн узартат, Израилге басым күчөдү