Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:34

Беларус, Казакстан жана Молдованын жарандарына орус жарандыгын берүү жеңилдейт


Орусиянын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин Беларус, Казакстан жана Молдова жарандарына орус жарандыгын берүү тартибин жеңилдетти. Мамлекет башчынын тиешелүү жарлыгы укуктук маалыматтардын расмий порталына жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, аталган өлкөлөрдүн жарандары үчүн "орус жарандыгын алууга арыз бергенге чейин Орусиянын аймагында беш жылдан кем эмес жашоо" жана "Орусиянын тарыхы менен мыйзамдарын билүү" талаптары жоюлат. Мындан тышкары Беларустун жарандарынан орус тилин билерин ырастоо талап кылынбай калат.

Путин 2023-жылы майда Украинадагы согушка катышуу үчүн Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн чет өлкөлүктөргө орус жарандыгын жеңилдетилген тартипте берүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, чет өлкөлүк жаран орус армиясында бир жыл кызмат өтөгөндөн кийин Орусиянын жарандыгын алса болот. Жарандык анын үй-бүлө мүчөлөрүнө да жеңилдетилген тартипте берилет. Буга чейин жарандык алууну каалаган чет өлкөлүктөр үчүн келишимдин минималдык мөөнөтү беш жылды түзгөн.

XS
SM
MD
LG