Кытайда жер титирөөдөн кеминде 111 адам каза тапты

Кытайдын түндүк-батышындагы Ганьсу провинциясындагы жер титирөөдөн кеминде 111 адам набыт болуп, 220 адам жараат алды.

Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарына шилтеме берип, Би-Би-Си жазды. Зилзала 19-декабрга караган түнү болгон. Жер титирөөдөн Ганьсудагы жана коңшулаш Цинхай провинциясындагы турак жайлар жана инфраструктура кыйраганы кабарланды.

АКШнын Геология кызматынын маалыматында, силкинүү күчү 5,9 баллды түзүп, очогунун тереңдиги 10 чакырымга кеткен.

Синьхуа мамлекеттик телеканал Ганьсуда 100 адам өлүп, 96 киши жараат алганын, Цинхайда 11 адам мерт кетип, 124 киши жаракат алганын кабарлады.

Маалыматтарга ылайык, зилзала болгон аймакка өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар жиберилди.

Кытай өкмөтү жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам фондуна 200 млн юань (28 млн доллар) бөлгөнүн Рейтер агенттиги жазды.

Кытайдын лидери Си Цзинпин "куткаруу иштерин жүргүзүү жана жер титирөөнүн курмандыктарын азайтуу үчүн болгон күчтү жумшоо зарыл экенин" билдирди.

Былтыр сентябрда Сычуань провинциясындагы 6,6 балддык жер титирөөдөн 60тан ашуун адам каза тапкан.

Дагы караңыз

Евробиримдик Орусияга каршы кезектеги экономикалык санкциясын жарыяладыУКМК Ала-Букада аткезчилик иши боюнча сегиз чек арачыны кармадыБеларус, Казакстан жана Молдованын жарандарына орус жарандыгын берүү жеңилдейт“Айтматов жана театр” эл аралык фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды