УКМК Ала-Букада аткезчилик иши боюнча сегиз чек арачыны кармады

УКМК тараткан видеодон алынган кадр.

19-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Чек ара кызматынын сегиз кызматкери аткезчиликке көмөктөшкөн деген шек менен кармалганын билдирди.

Алар 18-декабрга караган түнү “Баймак-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан жумуштан тышкаркы убакта жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө көмөктөшүп жаткан тапта колго түшкөн. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, бул чек ара постунда туруктуу аткезчилик каналы уюштурулганы аныкталган.

Шектүүлөргө “акча алып контрабандалык жүктөрдү өткөрүүгө жардам берген. Мыйзамсыз иштери чек ара бекетине орнотулган видео камераларга жазылып калбашы үчүн электр энергиясын атайын өчүрүп турушкан” деген айып тагылды.

Буга байланыштуу “Баймак-автожол” көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунун сегиз кызматкери жана беш жөнөкөй жаран кармалды. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен тергелип жатат. (BTo)

Дагы караңыз

“Айтматов жана театр” эл аралык фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталдыЕгипетте Абдел Фаттах ас-Сиси кайрадан президент болуп шайландыОрусия өкмөтү "русофобия" тууралуу сунушту колдодуЗалужный иш бөлмөсүнөн тыңшоочу каражат табылганы боюнча маалымат бердиСот Навальный кайсы жерде экени аныкталмайынча арыздары каралбай турганын билдирди