Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:32

Сот Навальный кайсы жерде экени аныкталмайынча арыздары каралбай турганын билдирди


Алексей Навальный. Архивдик сүрөт.
Алексей Навальный. Архивдик сүрөт.

Орусияда оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын буга чейинки бир катар сот чечимдери боюнча апелляциялык арыздарын кароо убактылуу токтотулду. Саясатчы жаза мөөнөтүн өтөөсү үчүн жөнөтүлгөн колония жайгашкан Владимир шаарынын Октябрь райондук соту 18-декабрда арыздар Навальный өзү азыр кайсы жерде экени аныкталмайынча каралбайт деген чечим чыгарды.

Навальныйдан дайын жок болуп жатканын анын тарапташтары 13 күндөн бери айтып келатышат.

Саясатчы 19 жылга эркинен ажыратылып жөнөтүлгөн Владимир облустук түрмөсү Навальный ал жакта жок экенин билдирген, бирок кайсы жакка кеткени боюнча маалымат берген эмес. Андан башка эч кандай расмий кабар азырынча жок.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматынын 12-декабрдагы маалыматында Навальный Владимир облусунан тышкары аймактагы абак мекемесине жөнөтүлгөнү гана айтылган.

Саясатчынын тарапкерлери соттун арыздар ал өзү “кайда экени аныкталганга чейин каралбайт” деген жүйөсү мыйзамда жок экенин билдирип, "арыз ээсинин сотко катышуусун камсыз кылуунун ордуна судья сот адилеттигин ишке ашыруу боюнча жоопкерчиликти өзүнөн жөн гана алып салды” деп белгилешти. Алар оппозиционердин коопсуздугуна тынчсызданып, социалдык түйүндөрдө #ГдеНавальный деген хештег менен атайын өнөктүк жүргүзүп жатышат.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурат. Быйыл августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин Ив-роше иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып келет.

Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары аны саясий туткун катары таанышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG