Орусияда мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү боюнча өкмөттүк комиссия өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине "русофобия" үчүн жоопко тартуу тууралуу жаңы берене киргизүү сунушун колдоду. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги Мамлекеттик Думанын депутаты Ирина Яроваянын мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн бүтүмү менен таанышып чыккан булагына таянып билдирди.
Мыйзам кабыл алынса Кылмыш-жаза кодекси 136.1 - "Русофобия" деген берене менен толукталат. Анын негизинде кылмыш жообуна «дискриминациялык аракетке» барган, чакырган чет өлкөлүк аткаминерлер, эл аралык уюмдардын кызмат адамдары тартылат. Бирок мындай аракеттин өзү кантип чечмеленери жана ал үчүн кандай жаза каралары айтыла элек.
Мыйзам долбоору менен орус улутуна каршы маанайдагы чет өлкөлүктөргө сыртынан сот өкүмүн чыгаруу да каралат.
Орусия 2022-жылы февралда Украинага кол салгандан кийин орус бийлиги жана саясатчылары Батыш өлкөлөрүн "русофобия" каптаганын көп айтып келишет. Санкциялардын жарыяланышын да ушуга байланыштырышат.
Батыш өлкөлөрү санкциялардын максаты Орусиянын жарандарына залака тийгизүү эмес, Кремлдин гана Украинага каршы согуштагы мүмкүнчүлүктөрүн чектөө экенин белгилеп келет. Алардын айтымында, орус маданиятын азыркы орусиялык бийликтин саясатынан өзүнчө бөлүп кароо зарыл, анткени, Путин айтып жаткандай орус маданиятына тыюу салуу Батышта жок. (RK)
Дагы караңыз
"Мыйзамсыз курулуштар бузулат". Бишкек, Ошто кайсы үйлөр уруксатсыз салынган? Газа: Израилге эл аралык басым күчөдү 18-декабрь: АКШ виза мөөнөтүн узартат, Израилге басым күчөдү Сот Навальный кайсы жерде экени аныкталмайынча арыздары каралбай турганын билдирди