Борбор калаадагы №20, 31, 33, 40, 44, 55, 67, 69, 72, 89 орто мектептерге, "Илим", Kings International School, "Келечек MIT" , ERUDITE ISIT, "Точка роста" деген аталыштардагы жеке мектептерге, кыргыз-орус славян университетине, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетке, Бишкек гуманитардык университетине жана Ала-Тоо эл аралык университетине жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалыматтар соцтармактарга тарады.
Мындан улам бардык билим берүүчү мекемелердин окуучулары, мугалимдери жана башка кызматкерлери эвакуацияланды. Милиция азырынча бул маалыматтардын айрымдарын гана ырастап, издөө иштери жүрүп жатканын кабарлоодо.
Өткөн аптада да бир катар билим берүүчү мекемелерде, соода борборлорунда, сот имараттарында, ооруканаларда жардыргыч зат коюлганы кабарланып, бирок тастыкталган эмес.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мындай жалган маалымат таратууга шектелип, бир нече адам кармалганын кабарлаган. Арасында мектеп окуучулары да бар.(ZKo)
Дагы караңыз
УКМК Кара-Суу базарын тейлеген салыкчыларды акча талап кылууга шектеп кармадыМурунку советтик өлкөлөрдүн "түшпөс хандары" Орунтаев: Үй курууга уруксат кагаз берүү тартиби өзгөрөтТашиев Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын ишарат кылдыПутин: Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен согушуу кызыкчылыгы жокОрусия: депортациялануучу мигранттар атайын жайда 90 күн кармалат