Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:04

УКМК Кара-Суу базарын тейлеген салыкчыларды акча талап кылууга шектеп кармады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кара-Суу базарынын ишкерлеринен жана соодагерлерлинен опузалап акча талап кылууга шектелип, бир нече салык кызматкери кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 18-декабрда тараткан маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору Т.А., Э.А., У.Б. жана А.А. 15-декабрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Маалыматта" "Кара-Суу районунун базарларында чекене жана дүң соода менен алектенген ишкердик субъекттерден акча каражаттарын өндүрүү кылмышы Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан штаттан тыш кызматкерлерди колдонуу аркылуу жасалып турган. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдоо жолу менен аларды ишендирип, иш жүзүндө алардын каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан", деп жазылган.

Коопсуздук кызматы базарларды көзөмөлдөгөн кызматтардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланып жатканын билдирүүдө.

УКМК салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу өткөн аптада Бишкектеги "Орто-Сай" жана “Дордой” базарларында салык чогултууга жооптуу болгон салык кызматкерлери кармалганын маалымдаган. Аларга “ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурган” деген айып коюлууда. Атайын кызматт бул схема кеминде беш-алты жыл туруктуу иштегенин белгилөөдө.

УКМК мунун алдында Бишкектеги “Баткен-Комфорт” курулуш материалдары базарында ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу жана өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу ага ээлик кылган фирманын директорун, анын орун басарын жана эсепчисин кармаганын жарыялаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG