Орусия: депортациялануучу мигранттар атайын жайда 90 күн кармалат

Сахарово борборундагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик Дума өлкөдөн депортациялана турган чет элдиктерди жана жарандыгы жок адамдарды атайын мекемелерде кармоонун мөөнөтүн бекитти. Ага ылайык, эң узак мөөнөт 90 күн.

Мамдума кабыл алган мыйзамга ылайык, чет элдик жаранды өлкөдөн чыгаруу тууралуу буйрук чыккандан кийин аны өлкөдөн чыгарууга мүмкүн болбосо, атайын мекемеде кармоо мөөнөтү сот аткаруучунун же ички иштер органынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн арызы боюнча сот тарабынан 90 суткадан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Арыз беш күндүн ичинде каралууга тийиш. Ошондой эле чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар атайын мекемеде кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн сотко кайрыла алышат.

Эгерде сот депортациялоону ашыкча чектөө деп эсептесе, анда жаранга 40 миңден 50 миң рублга чейин айып пул салынат же 200 саатка чейин мажбурлап иштөөгө тартылышы мүмкүн. Бул эч бир мамлекет жарандыгы жок адамды кабыл алууга даяр болбогон жагдайларга да тиешелүү.

Эгерде жаран убактылуу күбөлүк же качкын макамын алса, депортациялоо жөнүндө токтом кайра каралышы мүмкүн.

15-декабрда Москванын түштүк-чыгышындагы "Садовод" базарында полиция кызматкерлери менен кагылышуудан кийин 82 мигрант кармалганы кабарланды. Маалыматтарда МАИ кызматкери тажикстандык 21 жаштагы жарандын автоунаасын токтоткон кезде, айдоочу качып кетүүгө аракет кылганы, полиция кызматкерине кол салганы, кийинчерээк көптөгөн мигранттар чогулуп келип, полиция менен кагылышуу болгону жазылган.

Интернетте тараган видеодо тартип сакчылары абага бир нече жолу ок чыгарып, андан соң чогулгандарды жапырт кармоого өткөнүн көрүүгө болот.

Кармалган 82 мигрантка "майда бейбаштык", "полиция кызматкерине баш ийбөө" беренелери менен протокол түзүлгөн. Ал эми айдоочуга карата "зомбулук" беренеси менен иш козголгон. Анын талмасы бар экени билинген соң ооруканага жеткирилген жана кийин кое берилген.

Кармалгандардын документтери текшерилип, аскердик каттоого турган-турбаганы териштирилди. Буга чейин Орусиянын аймагындагы мигранттар ар кандай коомдук жайларда кармалып, аскердик каттоого алынып, айрымдары Украинадагы согушка жөнөтүлүп жатканы тууралуу кабарлар тараган.

Дагы караңыз

Газа: үч туткундун өлүмү Тель-Авив тургундарын көчөгө чыгарды Алматы: Желтоксонду эскерген акцияда саясий туткундар маселеси көтөрүлдүИсмаилов: Боор жакшы иштебесе өт дагы жабыркайтТарыхый мекенинде ара жолдо калган оогандарКыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салуу сунушталган долбоор артка чакыртылат