16-декабрдын аба ырайы

Ош шаарынан тартылган сүрөт. 13-декабрь, 2023-жыл.

16-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6;

Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7;

Бийик тоолордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -12…-17 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз 0…-2° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Дагы караңыз

Элдик курултайда тууну өзгөртүү демилгеси тууралуу маселе көтөрүлдүКыргызстандык куткаруучулар Казакстанда кар күрткүгө кабылган 16 жаранды Бишкекке жөнөттүКыргызстанда келерки жылы 212 мектеп, 50 бала бакча ачылатБишкекте текшерүүдөн кийин эки мечит, бир чиркөө жабылды