Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу 2024-жылы башталарын билдирди

Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталарын 15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди. Долбоордук техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүткөнүн, бул жолдун салынышы өлкөнүн бардык экономикалык тармактарына таасир этерин белгиледи.

“Кудай буюрса, жакында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталат. Темир жолдор аркылуу Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Афганстанга транзит менен жүк ташыган контейнерлерди ташуунун пилоттук долбоору улантылат. Ошондой эле “Иран – Түркмөнстан – Өзбекстан – Кыргызстан” пилоттук контейнердик поездин ишке киргизүү маселеси каралууда”, - деди Жапаров.

23-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоордун курулушунун каржы маселеси чечилип жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында айткан. Ал Кытай Казарманга чейинки бөлүктү өз алдынча куруп жатканын, Кыргызстан Казармандан Жалал-Абадга чейинки жол үчүн азыр Өзбекстан менен бирге акчанын булактарын аныктап жатканын билдирген.

Өзбекстандын Самарканд шаарында былтыр сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты аркылуу өтүүгө тийиш. Бул жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Дагы караңыз

Кыргызстандык куткаруучулар Казакстанда кар күрткүгө кабылган 16 жаранды Бишкекке жөнөттүКыргызстанда келерки жылы 212 мектеп, 50 бала бакча ачылатБишкекте текшерүүдөн кийин эки мечит, бир чиркөө жабылдыИшкердик жөнүндө бестселлер кыргыз тилинде жарык көрдү