Элдик курултайда тууну өзгөртүү демилгеси тууралуу маселе көтөрүлдү

Элдик курултай. 15-декабрь, 2023-жыл.

15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбооруна байланыштуу маселе көтөрүлдү. Баткен шаарынан келген делегат Жумабек Абдипатта уулу коомчулукта тууну өзгөртүү демилгеси боюнча кызуу талкуу уланып жатканын, президент Садыр Жапаров бул боюнча өз позициясын билдирүүсү керек экенин айтты.

Мамлекет башчы желек боюнча пикирин билдирген жок. Садыр Жапаров курултайдын биринчи күнүндө чыгып сөз сүйлөгөндөрдүн суроолорун жазып алып, 16-декабрда жооп берерин билдирген.

“Туу 1992-жылы кабыл алынгандан бери талкуу күчөп, “бул күндүн нурубу же күн карамабы” деген ойлор айтылып келген. Жогорку Кеңеш бул маселени терең изилдеп чечим кабыл алат деп ишенем”, - деди дагы бир делегат Асанбек Абдыкапаров.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган. Ушул отурумда Нурланбек Шакиев туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпей турганын, желек өзгөртүү зарыл болгон жерлерде алмашылса, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөрүн билдирген. Бирок сөз болуп жаткан демөөрчүлөр ким экенин ачык айткан эмес.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Учурда тууну өзгөртүү маселеси коомчулукта дагы эле талкууда. Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Дагы караңыз

Кыргызстанда келерки жылы 212 мектеп, 50 бала бакча ачылатБишкекте текшерүүдөн кийин эки мечит, бир чиркөө жабылдыИшкердик жөнүндө бестселлер кыргыз тилинде жарык көрдүПрезидент Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейт