Бишкекте "Чыңгыз Айтматов. Биз бир кемедебиз. Чыгармачылыгы орус тилинде” аталган эл аралык форум өтүп жатат.
Ага Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген жергиликтүү жана чет өлкөлүк академиктер, Азербайжан, Армения, Беларус, Молдова, Грузия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан келген театр жана кино ишмерлери катышууда.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов форумга дүйнөлүк белгилүү интеллигенция өкүлдөрү келгенин белгиледи.
Иш-чарада Айтматов таануучулардын илимий баяндамалары угулуп жатат. Аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “ART - араба” коомдук фонду уюштурган. (MZh)
Дагы караңыз
Жаңы жылдан тартып Бишкек-Бээжин аба каттамы ачылатАчык сөздүн акысы. Пикир үчүн айыпка жыгылгандарБайден Украинаны колдоо улана турганын убада кылды Бишкекте ооруканага бомба коюлганы тууралуу кабар такталган жок