БУУ Газада ок атышууну дароо токтотуу боюнча резолюция кабыл алды

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйыны.

Бириккен Улуттар Eюмунун Башкы ассамблеясы көпчүлүк добуш менен Газа тилкесиндеги ок атышууну дароо токтотууга чакырган резолюцияны кабыл алды.

Аны БУУга мүчө 153 мамлекет колдоду, ону каршы добуш берди. 23 мамлекет добуш берген жок.

Документте “бардык тараптар карапайым тургундарды коргоо боюнча эл аралык укук, анын ичинде гуманитардык укук боюнча алган милдеттемелерин сакташы керек” деп жазылган.

Андан тышкары бардык туткундарды токтоосуз бошотуу чакырыгы камтылган. Израилдин БУУдагы элчиси Гилад Эрдан добуш берүүнүн алдында резолюцияда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмун айыптоо жок болгондуктан, аны “эки жүздүү” деп атады.

Газа тилкесинде гуманитардык кырдаал курч бойдон калууда. Эл аралык уюмдар гуманитардык жардам өтө аз көлөмдө кирип жатканына тынчсызданууда. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму учурда ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавда 11 гана оорукана жарым-жартылай иштеп жатканын билдирген.

Ал арада Израилдин армиясы Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Женин качкындар лагеринде контрачабуул операциясын баштаганын билдирди.

Дагы караңыз

Министр онлайн окуу тууралуу чечимдин кечиккенине түшүндүрмө берди14-декабрда да абанын температурасы төмөн болотБишкекте ооруган балдар көбөйүп, ординаторлор жардамга чакырылды