14-декабрда да абанын температурасы төмөн болот

Бишкек шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 14-декабрда абанын температурасы дагы төмөндөйт. Аба ырайы жайыттарда малды багууну, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -12…-17°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27°, күндүз -10…-15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19…-24°, күндүз -11…-16°, бийик тоолордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° болушу күтүлөт.

13-15-декабрда жааган карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-110 чакырымында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолундагы Чоң-Ашууда кар көчкү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарда жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13;

Талас жергесинде түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12;

Бийик тоолордо түнкүсүн -30…-35, күндүз -12…-17 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -20…-22°, күндүз -8…-10° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Дагы караңыз

ИИМге үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 11 миңдей маалымат түштүБишкектеги ооруканага бомба коюлганы тууралуу кабар түштүБишкек-Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга коюлган чектөө алындыНоокатта өспүрүм, Кеминде улгайган киши дайынсыз жоголду