Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

ИИМге үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 11 миңдей маалымат түштү


Зордук-зомбулукка каршы плакат. Иллюстрациялык сүрөт.
Зордук-зомбулукка каршы плакат. Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери Кыргызстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 11 миңден маалымат түштү. Бул тууралуу 13-декабрда министрликтин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Таалайбек Алижанов Бишкекте “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, маалыматты зомбулукка кабылгандар, коңшулар, туугандар, же окуяга күбө болгон бардык эле жарандар милицияга берип турушкан.

Алижанов түшүндүргөндөй, зомбулук фактылары ырасталган болсо жабырлануучуга коргоо ордери берилет жана мындай учурда мыйзам бузган жаран үй-бүлөсүнө үч күн жолобошу керек. Катталган фактылардын 10 миңдейи ырасталып, коргоо ордери берилген жана аны аткарбаган 302 адамдын иши сотко жөнөтүлгөн. 19 киши үч күндөн жети күнгө чейин камакка алынган.

“Жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 20 резонанстуу факт иликтөөгө алынып, алардын көбү боюнча соттук чечимдер чыкты. Жалпы жонунан үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 539 кылмыш иши козголгон”, – деди Таалайбек Алижанов.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы белгилегендей, катталган фактылардын 95% учурунда жабырлануучулар аялдар.

20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон. Ногойбаевага зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсүн камакка албай, пробациялык негизде бошоткон Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов ноябрда кызматтан алынды.

Кыргызстан 2017-жылы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Ага ылайык зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап эмес, күбөлөр да арыз жаза алат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга "убактылуу коргонуу ордерин" жазып берип, тиешелүү чараларды илгертпей көрүүгө тийиш. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG