Бишкектеги ооруканага бомба коюлганы тууралуу кабар түштү

Бишкек шаарындагы №2 ооруканасына министр Алымкадыр Бейшеналиев барды.

13-декабрда Бишкек шаарындагы №2 ооруканага бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү.

“Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ооруканадагы бейтаптар менен кызматкерлер эвакуацияланып жатат.

Маалыматка ылайык, алар оорукананын жанындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын имаратына жайгаштырылууда. Министр Алымкадыр Бейшеналиев эвакуациялоо иштерин көзөмөлдөп жатканы айтылды.

Жай айынан бери Бишкектеги бир катар мектептерге, жогорку окуу жайлардын имаратына жана мамлекеттик мекемелерге бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөн. Бир күндө борбор калаанын беш жеринде, анын ичинде Жогорку соттун, Ленин райондук сотунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имараттарында бомба коюлганы кабарланган окуялар болгон. Маалымат тастыкталган эмес.

УКМК жалган маалымат тараткан жарандардын бир нечеси кармалганын билдирген.

Дагы караңыз

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга коюлган чектөө алындыНоокатта өспүрүм, Кеминде улгайган киши дайынсыз жоголду Бишкекте көп кабаттуу үйдүн подъездинен чыккан өрттөн 60 киши эвакуация болдуСогуш ардагеринин оорукананын кире беришинде жаткан сүрөтү боюнча түшүндүрмө берилди