Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:12

Согуш ардагеринин оорукананын кире беришинде жаткан сүрөтү боюнча түшүндүрмө берилди


Социалдык тармактарга тараган сүрөт.
Социалдык тармактарга тараган сүрөт.

Сузак райондук ооруканасы Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Тешебай Ашуровдун оорукананын кире беришинде жатканы тартылган сүрөт боюнча түшүндүрмө берди.

Ооруканасына жетекчиси Акжол Тургунбаев “Азаттыкка” ардагер ооруканага “Тез жардам” менен алып келгенден кийин биринчи кароо учурунда жакындары сүрөткө тартып алып, “коридордо жатат” деп чыгарып жибергенин айтты.

“Ардагер бизге 11-декабрдын түнү келген. Туугандарынан оорусунун белгилерин сурап дене табы көтөрүлгөнүн айтканда кызамык болушу мүмкүн деп көзөмөлгө алып, аксакал өзүн жакшы сезип жатканын айтышкан. Ал эми “Тез жардам” алып келгенде коридордо замбилде жаткан сүрөтүн тартып, социалдык тармактарга таратып жибериптир. Аксакалды палатага киргизели дегенде ал "бул жердин абасы жакты" деп болбой койгон. Бирок ал жаткан жердеги керебеттер бардык шарттары менен турат. Учурда ардагердин абалы жакшы. Азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат”, - деди Тургунбаев.

Тешебай Ашуров.
Тешебай Ашуров.

Социалдык тармактарда Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Тешебай Ашуров 11-декабрда Сузак райондук ооруканасына жеткирилгенде ал кире беришке жатканы тартылган сүрөт тарап, социалдык тармактын колдонуучулары оорукананын жетекчилерине чара көрүүнү талап кылышкан. Согуштун ардагери Тешебай Ашуров 99 жашта. (TB)

XS
SM
MD
LG