Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга коюлган чектөө алынды

Бишкек-Ош жолунда бараткан автоунаа.

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга коюлган чектөө 13-декабрда алынганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

11-декабрда аталган жолдогу Арал өткөрмө бекетинде Бишкекти көздөй келе жаткан чоң машинелерге, 12-декабрда Сосновка өткөрмө бекетинде Ош тарапка бараткан жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилген. Расмий маалыматта бул чара катаал аба ырайында жол тыгынын жаратпоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында кабыл алынганы айтылган.

Шейшемби күнү Оштун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүндө Бекжар - Кичик-Теке - Лаглан ички чарбалык жолу кар күрткүсүнөн улам жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тазалоо иштери уланып жатканын, жол ачыла электигин маалымдады. Аталган айылда кардын калыңдыгы 12-декабрда 60 сантиметрге жетти.

Андан тышкары Ош - Сарыташ - Эркечтам жолундагы Чыйырчык ашуусундагы бурганактан улам жүк ташуучу автоунаалардын каттамына чектөө коюлган.

Кыргызгидромет борбору 13-14-декабрда өлкө аймагында суук аба ырайы болорун эскертүүдө. Чүй, Нарын, Талас облустарында сууктун күчү -27 градуска чейин, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында -10 градустун тегерегинде, тоолуу райондордо -30 градустан аша турганын билдирген.

Социалдык түйүндүн колдонуучулары алыскы Алайкуу өрөөнүндө улуу кардан улам каттам токтоп калганын жазышууда. (SE)

Дагы караңыз

Ноокатта өспүрүм, Кеминде улгайган киши дайынсыз жоголду Бишкекте көп кабаттуу үйдүн подъездинен чыккан өрттөн 60 киши эвакуация болдуСогуш ардагеринин оорукананын кире беришинде жаткан сүрөтү боюнча түшүндүрмө берилдиСууктан улам Бишкекте кошумча 50 автобус каттамга чыкты