Азербайжанда президенттикке Илхам Алиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев.

Азербайжанда кийинки жылдын февралында мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого бийликтеги “Жаңы Азербайжан” (Yeni Azərbaycan) партиясынын атынан мамлекет башчы Ильхам Алиев катышат. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасынын орун басары Таир Будагов билдирди.

“Карабакты ким бошотсо, ошол адам биздин түбөлүк президентибиз болорун көптөн бери айтып келишкен. Ильхам Алиев саясаттагы 20 жыл ичинде, азери элине көрсөткөн кызматы, оккупацияланган жерлерди бошоткону үчүн бул кызматка татыктуу деген ойдомун”,- деп Будаговдун айтканын АПА маалымат агенттиги жазды.

Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү чечимин Алиев 7-октябрда жарыялаган. Мыйзамга ылайык, кийинки шайлоо 2025-жылы өтмөк.

Азербайжанда 2016-жылы Конcтитуцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президент жети жылдык мөөнөткө шайланат. 2018-жылы да жараян мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн. Анда оппозициядагы партиялар добуш берүүнү бойкоттошуп, Алиевди эркиндикти чектөөгө, авторитаризмге жана каршылаштарын куугунтуктоого айыпташкан.

Илхам Алиев биринчи жолу 2003-жылы өлкөнү он жыл башкарган атасы Гейдар Алиевдин өлүмүнөн эки ай мурда президент болуп шайланган. Саясат таануучулар эми ал бийликти уулу Гейдарга өткөрүп берет деп боолгошууда.

Алиев жикчил Тоолуу Карабак аймагынын борборунда азери туусун 15-октябрда көтөргөн.

Тоолуу Карабактын айынан Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын соңунан бери жаңжалдашып келген. Негизинен этностук армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусу Еревандын колдоосу менен Азербайжандын курамынан чыгып, 1991-жылы өз алдынча «Тоолуу Карабак Республикасы» деген жикчил түзүмдү негиздеп алган.

Андан бери тараптар ортосундагы куралдуу кагылышуулар миңдеген кишинин өмүрүн алды.

2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан аймакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришти.

Дагы караңыз

Йемен хуситтери норвегиялык танкерге сокку урду "Манас" аэропорту “Эйр Кей Жи” компаниясын президенттин иш башкармасына өткөрүп бердиКара-Сууда калың кардан улам жол жабылды