Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Йемен хуситтери норвегиялык танкерге сокку урду


"Мейсон" эсминеци.
"Мейсон" эсминеци.

Кызыл деңизди Инд океаны менен байланыштырган Баб-эль-Мандеб булуңунан 111 чакырым алыстыкта бараткан танкерге 12-декабрга караган түнү жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти йемендик хуситтер алышты.

Ракета менен урулган соккудан Норвегиянын туусунун алдында бараткан кемеде өрт тутанган. Танкерден коркунуч тууралуу белги берилгенден кийин жардамга АКШ Куралдуу күчтөрүнө тийиштүү "Мейсон" эсминеци барган.

Бул тууралуу X социалдык түйүнү аркылуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы билдирди.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму менен Израилдин ортосунда согуш башталганы хуситтер дрон жана ракеталарды колдонуу менен соода кемелерине кол сала баштаган.

Бир нече күн мурда хуситтер Израилге карай багыт алган бардык кемелерге чабуул коерун эскерткен.

“Стринда” деп аталган танкердин Израилге канчалык тиешеси бар экени белгисиз. Өсүмдүк майы жана отун жүктөлгөн танкер Малайзиядан Венецияны көздөй бараткан.

XS
SM
MD
LG