Тажикстанда Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Дүйшөмбү. Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган жыйын. Cүрөт Тажикстандын Улуттук китепканасынын расмий сайтынан алынды.

Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдөгү Улуттук китепканада 12-декабрда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Жыйын Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын демилгеси менен уюштурулду. Бул тууралуу аталган китепкананын расмий сайтында кабарланды.

Ага маданият, илим жана искусство ишмерлери, чет элдик дипломаттар, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында жазуучунун сүрөттөрүнөн жана орус, тажик тилиндеги китептеринен турган көргөзмө болду.

Тажикстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Низам Касым Айтматовдун чыгармаларынын адабияттагы орду чоң экенин белгиледи. Ал ошондой эле эки элдин ортосундагы достуктун бекемделишине дагы жазуучу чоң салым кошконун кошумчалады.

Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү “Ата-Бейитке”, атасы Төрөкул Айтматов жана советтик репрессиянын башка курмандыктары көмүлгөн жерге коюлган.

ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө чоң нуска менен кайталанып басылып турат.

Дагы караңыз

Кыргызстан менен Казакстанда кызамык жайылууда Йемен хуситтери норвегиялык танкерге сокку урду "Манас" аэропорту “Эйр Кей Жи” компаниясын президенттин иш башкармасына өткөрүп берди