Кара-Сууда калың кардан улам жол жабылды

Иллюстрация

Оштун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүндө Бекжар-Кичик-Теке-Лаглан ички чарбалык жолу кар күрткүсүнөн улам жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, аталган айылда кардын калыңдыгы 12-декабрда 60 сантиметрге жетти.

Ошондой эле Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу автоунаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди. Ош-Сарыташ-Эркештам жолундагы Чыйырчык ашуусундагы бурганактан улам жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө коюлду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчисин Азис Эгембердиев "Азаттыкка" билдиргендей, республикалык маанидеги тоолуу жолдордун бир канча жерине куткаруучулар тобу коюлуп, ысык тамак уюштурган жана чукул жагдайда жардам берген адистер даяр турат.

Кыргызгидромет борбору 13-14-декабрда өлкө аймагында суук аба ырайы болорун эскертүүдө. Чүй, Нарын, Талас облустарында сууктун күчү -27 градуска чейин, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында -10 градустун тегерегинде, тоолуу райондордо -30 градустан аша турганын билдирген. (SE)

Дагы караңыз

Бишкек: Калың кар, тыгын жана аялдама Газа: ЦАХАЛ Жабалия менен Шежай шаарларында хамасчыларга сокку уруудаТөө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди