Түркияда жаңжалдан улам футбол лигасындагы оюндар убактылуу токтоду

Бул тууралуу Түркиянын футбол федерациясы 11-декабрда расмий сайтында маалымат таратты. Анда Түркиядагы футбол лигасындагы бардык беттешүүлөр белгисиз мөөнөткө чейин токтотулганы кабарланат.

Мындай чечимге 11-декабрда Анкара шаарында өткөн "Анкарагүжү"- "Чайкур Ризеспор" беттешүүсүндөгү жаңжал себеп болгон. Эки команданын оюну 1:1 эсебинде аяктаган соң "Анкарагүжү" клубунун президенти Фарук Кожа бир канча тарапташтары менен талаага чуркап чыгып, калыс Халил Умут Мелерди муштап, тепкилеген. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин Милер ооруканага жеткирилген.

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая окуяга байланыштуу эки шектүү кармалганын, клубдун президенти Фарук Кожа суракка алынарын Х баракчасы аркылуу билдирди.

Пррзидент Рейжеп Тайып Эрдоган муну айыптап, "Түрк спортунда зомбулукка эч качан жол бербейбиз" деп жазды.

37 жаштагы Халил Умут Мелер ФИФАнын эл аралык оюндарында калыстык кылат жана УЕФАнын калыстар тизмесинде.

59 жаштагы Фарук Кожа 2021-жылы "Анкарагүжү" футбол клубунун президенти болуп шайланган. Ал бийликтеги "Ак" партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров быйыл да басма сөз жыйынын өткөрбөйтКостанайдагы жарылууда үч кишинин өмүрү кыйылды"Жокчулук карын эне болууга аргасыз кылды"