Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Костанайдагы жарылууда үч кишинин өмүрү кыйылды


Казакстандын бийлиги Костанай шаарындагы техникалык тейлөө станциясынын имаратынын урандылары астында үч адам каза болгонун тастыктады. Издөө-куткаруу иштери токтотулганын жергиликтүү басылмалар жазды.

"Издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында 12 адам куткарылды. Тилекке каршы, үчөөнү сактап калууга мүмкүн болгон жок", - деп билдирди облустук акимчилик.

10 адам шаардык жана облустук ооруканаларга жеткирилген. Жабырлануучулардын биринин абалы оор деп бааланууда.

Бийлик "Өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу" беренеси боюнча тергөө башталганын кабарлады.

11-декабрда түшкө маал Костанай шаарынын Амангелди конушунун аймагында газ жарылып, натыйжада бир кабаттуу үй жарактан чыккан. 280 чарчы метр аянттагы имарат толугу менен урап түшкөн. Жарылуудан кийин өрт чыгып, бир саат аралыгында өчүрүлгөн.

Баштапкы маалыматка ылайык, жети жеңил унаа, беш оор жүк ташуучу машине, ошондой эле жакын жердеги 12 жеке менчик үй зыян тарткан.

XS
SM
MD
LG