Рысбек Акматбаевдин тууганын өлтүргөн деген шек менен эки киши кармалды

Кармалган шектүүлөр. ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2008-жылы Чолпон-Ата шаарында кримтөбөл, маркум Рысбек Акматбаевдин тууганы Кубанычбек Коноевди атып кеткен деген шек менен эки киши кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, иликтөө иш-чараларында 15 жыл мурдагы адам өлтүрүү фактысынын бети ачылып, мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү, 40 жаштагы К.А жана 54 жаштагы К.Н. камакка алынган.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары кармалгандардын бири маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Адилет Касенов экенин жазып чыкты. ИИМ тараткан инициалдардын бири анын аты-жөнүнө туура келет.

2008-жылы Чолпон-Ата шаарында болгон окуяда тартылган сүрөттөр. ИИМ тараткан сүрөт.

2008-жылы 4-апрелде Чолпон-Ата шаарында прокуратуранын имаратынын жанынан белгисиз адамдар “Toyota Land Cruiser Prado” үлгүсүндөгү автоунааны автомат менен аткылап кетишкен. Машинеде 1955-жылы туулган Кубанычбек Коноев болгон жана ошол жерде жан берген.

Ошол эле күнү Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылынын аймагынан шектүүлөр таштап кеткен “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунаа табылып, аны кароо учурунда автоматтын гильзалары, номуру өчүрүлгөн “Калашников” автоматы табылган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМ Кубанычбек Коноев уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү Нурлан жана Мирлан Коноевдердин атасы экенин кабарлады. Алар 2006-2007-жылдары киши колдуу болгон. Мирлан Коноевди өлтүргөн адам 2007-жылдын 19-апрелинде Жогорку Соттун имаратынын алдында кармалган. (BTo)

Дагы караңыз

Токтогул ГЭСинин дагы бир агрегаты 48 жылдан бери алгачкы ирет жаңыландыОрус армиясы Киевге сокку урдуМаданият министрлиги "Фейк" мыйзамы боюнча 20 арызды карадыКоргоо министрлиги быйыл беш аскер каза болгонун билдирдиДепутат Каракол шаарынын саркынды суусу Ысык-Көлгө куюлуп жатканын айттыУКМК Фейсбук колдонуучусун "башаламандыкка чакырган" деген айып менен кармады Акылбек Жапаров өкмөт салык саясатын аягына чыгарарын билдирди