Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 10-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн --14…-19, күндүз -6…-11 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9°, күндүз -2…-4° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Дагы караңыз

АКШ Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча БУУнун резолюциясына вето койдуБишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдөТуунун өзгөрүшүнө каршы митингге чыккандар активист Жоробековду бошотууну талап кылыштыМадуро Эссекибо аймагын аннексиялоо жарлыгына кол койду