Kazenergy мунай-газ жана энергетикалык комплексин 2005-жылдан бери жетектеп келген Казакстандын мурдагы президентинин күйөө баласы Тимур Кулибаев кызматтан кеткени маалым болду. Ассоциация өз сайтында жарыялагандай, эми төрага болуп Магзум Мирзагалиев дайындалган. Ал буга чейин казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин кеңешчиси, энергетика министри болуп эмгектенген.
“Форбс” журналынын версиясына ылайык, Кулибаев планетадагы эң бай адамдардын катарына кирет. Анын байлыгы болжол менен 4,3 миллиард долларды түзөт. Тимур Кулибаев Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын жолдошу. Ал экөө Казакстандагы ири банкка ээлик кылышат жана башка бизнес-активдери бар экени кабарланып келет.
57 жаштагы Кулибаевди узак убакыттан бери Казакстандый мунай-газ тармагындагы эң таасирдүү фигуралардын бири деп санашчу. 2022-жылдын башындагы Январь окуяларынан кийин ал “Атамекен” ишкерлердин улуттук палатасынын башчылыгынан кеткен. Ошол эле жылы ал орусиялык “Газпром” компаниясынын директорлор кеңешинен чыккан.
Дагы караңыз
Активист Жоробеков өзүнө коюлган айыптарды четке кактыIFJ: 2023-жылы өлтүрүлгөн журналисттердин саны кескин өстүКоюу тумандан улам Ош-Бишкек аба каттамдары кармалып турат