Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:01

IFJ: 2023-жылы өлтүрүлгөн журналисттердин саны кескин өстү


Израилдин Сдерот шаарындагы журналист.
Израилдин Сдерот шаарындагы журналист.

Эл аралык журналисттер федерациясы билдиргендей, 2023-жылы 94 журналист жана маалымат каражаттарынын өкүлү өлтүрүлдү. Арасында тогуз аял бар. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 67% көп дегенди билдирет. 8-декабрда жарыялаган баяндамасында уюм 2023-жылы маалымат каражаттарынын 400дөй өкүлү камалганын жазган.

“Эл аралык журналисттер федерациясы журналисттердин өмүрүн коргоп, аларга кол салгандарды жоопкерчиликке тартыш үчүн эл аралык коомдун активдүүрөк аракеттери керек экенин баса белгилейт”,-деп жазылат баяндамада.

Андан тышкары Газа тилкесинде октярбда башталган согуш маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин арасындагы жоготуулардын өсүшүнүн себеби болгону белгиленет. Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун ортосундагы согуш башталган эки айдан бери 68 журналисттин өмүрү кыйылган.

Украинадагы согушта үч журналист набыт болгон.

Эл аралык журналисттер федерациясы кабарчыларды коргоо боюча “жаңы стандарт” иштеп чыгууга чакырды.

XS
SM
MD
LG