Милиция активист Жоробековду кармаганын жакындары билдирди

Афтандил Жоробеков

Тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция камаганын анын жакындары "Азаттыкка" ырасташты. Активисттин жубайы Мээрим Садыкова Бишкек шаардык милициясынын имаратынан чыгып, жашаган жерин көздөй баратканын айтты. Ал укук коргоо органдары алардын үйүндө тинтүү жүргүзүүгө камынып жатканын кошумчалады.

7-декабрдын кечинде Жоробеков Фейсбуктагы баракчасына: "Мени кармап, телефонумду алып жатышат. Аягына чейин! Желек өзгөрбөйт!", - деген билдирүү калтырды.

Жоробеков төрт саат мурда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылганы тууралуу милиция имаратынын алдынан видео тартып, Фейсбукка жарыялаган.

Азырынча милиция расмий маалымат бере элек.

Активист 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп жаткан. Соцтармактардагы акция тууралуу кайрылууларына байланыштуу 2-декабрда Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине чакырылган. Ага чейин милиция аны 3-декабрдагы "Туудан колуңду тарт!" автожүрүштөн улам чакырганын жазган. Милиция мерчемделген жерге катышуучулардан мурда келип, аларга эскертүү берген соң автожүрүш болбой калган.

29-ноябрда Жогорку Кеңеш спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов автор болгон мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда чукул кабыл алды. Долбоорго 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!”, "Туудан колуңду тарт!" деген постторду жарыялап, президент Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикир жазышкан.

Дагы караңыз

Кыргыз оппозициясы: көчө митинги онлайнга оойбу? Иранда рэпер Таталу Түркиядан депортацияланары менен кармалдыКазакстанда активист бейбаштыкка айыпталып камалды