Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:48

Иранда рэпер Таталу Түркиядан депортацияланары менен кармалды


Ирандык рэпер Таталу
Ирандык рэпер Таталу

Иранда популярдуу блогер Амир Таталу Түркиядан депортацияланары менен 6-декабрда Тегеран аэропортунда кармалды. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун иран кызматы 7-декабрда жазды.

Буга чейин Иранда бир нече жолу кармалып чыккан рэпер 29-ноябрда социалдык тармактарга Стамбулдун Сабиха Гөкчен аэропортунда колунда билет кармап турган видеосун жарыялап, Иранга учууга даярданып жатканын айткан. Көп өтпөй ал паспортунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен учакка отургузбай коюшканын билдирген. Иран маалымат каражаттары 3-декабрда жазгандай, Таталуну Ирандын Стамбулдагы консулдугунун өтүнүчү менен түрк полициясы кармаган. Рэпер консулдуктун кызматкерлерин сөгүп-сакканы үчүн колго түшкөнү кабарланган.

“Мизан” маалымат агенттиги Таталуга каршы Иранда жашы жете элек балдардын ата-энелери арыз менен кайрылганын жазды.

Рэпер азыркы президент Ибрагим Раисини 2017-жылкы шайлоо өнөктүгү маалында колдоп чыккан. Анда Раиси Хасан Роуханиге утулуп калып, сот системасынан башына келген.

Таталу ошондой эле дагы бир клибинде Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүн даңазалаган. Таталу Түркияда бир нече жыл жашаганы маалым болду. Анын экстрадицияланышы жана камалышы социалдык тармактарда чуу жаратты.

Айрым байкоочулардын божомолуна караганда, рэперди камоо менен бийлик элди ички көйгөйлөрдөн алаксытууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG