Орусиянын Федерация Кеңеши 7-декабрда кийинки президенттик шайлоонун датасын белгиледи. Мамлекет башчыны тандоо 2024-жылдын 17-мартында өтмөй болду. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат агенттиктери кабарлашты.
Президенттик шайлоого катышуу ниетин буга чейин коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов, Мамдуманын мурдагы депутаты Борис Надеждин, учурда убактылуу кармоочу жайда отурган, Донецкидеги жикчилдердин мурдагы лидери Игорь Стрелков (Гиркин), журналист Екатерина Дунцова билдирген.
2020-жылы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр азыркы президент Владимир Путинге бешинчи мөөнөткө аттанууга жол берет.
Путиндин талапкерлиги 17-декабрда өтчү “Единая Россия” партиясынын курултайында көрсөтүлөрү күтүлүүдө. Азырынча ал бул тууралуу расмий билдире элек.
Буга чейин Рейтер агенттиги ар башка булакка таянып, Путин шайлоого катышарын жазган.
Дагы караңыз
Израил аскерлери ХАМАСтын лидеринин үйүн курчаганы кабарландыИнтернаттарга видеокөзөмөл орнотуу тапшырмасы берилдиАктивист Зарина Төрөкулованын соту 14-декабрда уланат