Израил аскерлери ХАМАСтын лидеринин үйүн курчаганы кабарланды

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) тобунун лидери Яхья Синвар.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жөөт аскерлери ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) тобунун лидери Яхья Синвардын үйүн куурчоого алганын 6-декабрдын кечинде билдирди.

"Кечээ кечинде мен биздин күчтөр Газа тилкесиндеги бардык булуң-бурчтарга жете аларын айттым эле. Азыр алар Синвардын үйүн курчап турушат", – деди Нетаньяху. Ал Синвар качып кетиши мүмкүн экенин айтып, аны колго түшүрүүнү убада кылды. Ал эми ЦАХАЛдын маалымат катчысы Даниэл Хагаринин айтымында, Жабалия, Шежай жана Хан-Юнис аймактарында жөөт аскерлери менен хамасчылардын ортосунда айыгышкан кармаштар жүрүүдө.

Абу Ибрагим деген ысым менен дагы таанымал 61 жаштагы Синвар Хан-Юнис шаарында туулган. Ал эки жөөт жоокерин өлтүргөн деген айып менен көп жыл Израил түрмөсүндө отуруп, 2011-жылы туткундарды айырбаштоо жараянынын алкагында бошотулган. Газага кайткандан кийин ХАМАС куралдуу тобун жетектеп баштаган.

Хан-Юнис шаарынын тургундары бомбалоолордон улам Египет менен чек арага жакын жайгашкан Рафах калаасына качууга аргасыз болушту.

Дагы караңыз

Аксыда бычак жеген өспүрүм каза болдуУКМК Чүйдө он киши уюшкан кылмыш тобунан баш тартканын билдирдиИнтернаттарга видеокөзөмөл орнотуу тапшырмасы берилди