Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында жаткан Азимбек Бекназаров 18-декабрга белгиленген Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуу жолдоду.
Анда ал Кемпир-Абад иши боюнча бир жылдан ашуун абакта жаткандардын сотун ачык өткөрүүнү курултайга салууну да сунуштаган.
"Бийлик жабык сот өткөрүп, СИЗОдон биздин өзүбүздү сотко алдыртпай, өңчөй “дүжүр” адвокаттарды катыштырып туруп эле сыртыбыздан мыйзамсыз соттоп салууга умтулуп жатат", - деп жазган Бекназаров.
Жогору Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков "Азаттык" менен болгон эксклюзивдүү интервьюсунда Кемпир-Абад иши боюнча соттун cоздугуп жатканына "кармалгандар өздөрү себепкер" экенин айткан.
"Кармалып отурган адамдар өзүлөрү же адвокаттары келбей койгонунан ишти кароо башка күнгө жылып калууда. Ар кандай өтүнүчтөрдөн улам сот кийинки күнгө которулууда. Кээде күбөлөр келбей коюуда", - деди ал.
Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү 22-июнда башталган. Ички иштер министрлиги ишке “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам Бишкектин Биринчи Май райондук соту ишти жабык карап жатат.
Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, мурдагы баш прокурор, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккандан кийин былтыр 23-октябрда кармалган. Аны менен чогуу кармалган 30га жакын жарандын 11и азыр камакта, калганы ар кандай негизде үй камагына чыккан.
Укук коргоо органдары аларды “бийликти басып алууга” айыптаса, камактагылар “саясий куугунтук” деп четке кагат. (ZKo)
Дагы караңыз
Аксыда бычак жеген өспүрүм каза болду"Манаска" жана молдолорго каршы чабуул: КГБ сандыгына түшкөн кол жазмалар УКМК Чүйдө он киши уюшкан кылмыш тобунан баш тартканын билдирдиИнтернаттарга видеокөзөмөл орнотуу тапшырмасы берилдиАба ырайы: кар жаайт Бишкекте кагаз буюмдарын чыгарган ишкана ачылды