Аксы районунда эки өспүрүмдүн пикир келишпестигинин айынан кесиптик лицейдин окуучусу бычакталып, каза болгон. Бул окуяга шек саналып 11- класстын окуучусу кармалды.
Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул окуя 5-декабрда болгон. Аксы райондук милициясына 2006-жылы туулган бала көкүрөгүнөн бычактан жаракат алып, каза тапканы тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (TB)
Дагы караңыз
Интернаттарга видеокөзөмөл орнотуу тапшырмасы берилдиАба ырайы: кар жаайт Бишкекте кагаз буюмдарын чыгарган ишкана ачылдыАктивист Зарина Төрөкулованын соту 14-декабрда уланатЖурналисттер Кундуз Жолдубаева менен Махабат Тажыбек кызы суракка чакырылдыУКМК кримтөбөл Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалганын билдирдиЭлчи Клара Саматтын ишине сын ТИМде каралганы айтылды